Мирзиёев менен Токаев Казакстандагы абалды талкуулады

  • 3 года мурун

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу бүгүн өзбек президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, мамлекет башчылар Казакстандагы кырдаалдын өнүгүүсү, абалды турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана өлкөдө тез арада тынчтыкты калыбына келтирүү тууралуу пикир алмашты.

«Өзбекстандын президенти бир тууган элди, ошондой эле өлкөдө туруктуулук менен бейпилдикти камсыз кылуудагы Казакстан жетекчилигинин аракеттерин колдой турганын дагы бир жолу ырастады” деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин Өзбекстан тышкы иштер министрлиги казак элин колдой тургандыгын жарыя кылган. Өзбекстан Казакстандын ички маселесине кийлигишпей турганын билдирди.

Шаршемби күнү Алматы Казакстандагы окуялардын чордонуна айланды. Шаарда автоунаалар өрттөлүп, демонстранттар шаар акимчилигинин имаратын басып алып, өрттөп жиберишти. Ошондой эле аэропортту белгисиз кишилер ээлеп алышканы айтылып, бир нече сааттан кийин бийлик кайтарып алганы кабарланды. Бирок, бир нече каттамдар токтотулду. Казакстандын Ички иштер министрлиги сегиз кызматкери каза тапканын, дагы 317си жаракат алганын тастыктады. Митингчилер арасында жоготуулар боюнча маалымат айтылган эмес.

6-январга караган түнү Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөргөн. Ал Алматыда башаламандык жараткан топторду “анык террорчулар” деп атады. Алматыда «антитеррордук операция» жүрүп жатканы кабарланууда.

5-январда Алматы шаарында жарыяланган өзгөчө абал режиминин алкагында коменданттык саат киргизилген. Коменданттык сааттын убактысы түнкү саат 23:00дөн таңкы саат 7:00гө чейин деп белгиленди. Шаардын коменданты болуп калаанын милиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов дайындалган.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты