Министр Кулубаев Пакистан тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар менен сүйлөштү

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 19-майда, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Пакистандын премьер-министринин орун басары, Бишкектеги акыркы окуялар тууралуу тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар телефон аркылуу сүйлөштү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, министр Жээнбек Кулубаев ушул жылдын 18-майында Бишкек шаарында чет өлкөлүк студенттердин, анын ичинде Пакистандын жарандарынын катышуусунда болгон окуя тууралуу маалымат берип, учурда коомдук тартип толугу менен камсыздалып, кырдаал Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.

Ошол эле учурда кыргыз тарап чет элдик ЖМКларда, социалдык тармактарда, анын ичинде Пакистан аймагында аталган окуя жана Кыргызстандагы азыркы кырдаал тууралуу жалган жана такталбаган маалыматтар жайылып жатканына олуттуу тынчсыздануусун билдирди.

Өз кезегинде Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Дар Министрлер кабинети тарабынан коомдук тартипти жана пакистандык студенттердин КР аймагындагы коопсуздугун камсыздоо боюнча натыйжалуу чаралар көрүлүп жаткандыгы үчүн толук түшүнүү жана ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бул багытта активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин белгиледи.

Мындан ары маалымат алмашуу жана Кыргыз-Пакистан мамилелерин өнүктүрүү маселелерин талкуулоо максатында тараптар 21-майда Астана шаарында ШКУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрүүнү, ошондой эле жакынкы арада Бишкек шаарында Кыргызстан жана Пакистандын ортосунда консулдук-укуктук маселелер боюнча ТИМдер аралык кеңешмелерди уюштурууну макулдашты.

17-май күнү кечинде Бишкек шаарында, Чүй жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги конок үйдүн биринин жанында 100дөн ашык киши топтолду. Социалдык тармактарда тараган видеолордо турган адамдардын айрымдарын милиция кызматкерлери кармап кетип жатканын көрүүгө болот.

17-майда кечинде Интернетте «чет элдиктер аралашкан» деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазып чыгышты.

Жатаканадагы мушташ фактысы боюнча Свердлов РИИБде кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Бейбаштык боюнча козголгон кылмыш иши боюнча 2000-жылы туулган А. М., 1993-жылы туулган А.М., 2002-жылы туулган А. А., 2003-жылы туулган С.Х. аттуу төрт чет өлкөлүк жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган төрт адамдын экөө аныкталды.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 17-майында «Инстаграм» тиркемесинин «Ньюс Кейджи» баракчасында, Бишкек шаарынын Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда жапырт мушташ болуп жаткан видео тараган. Видеодо окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес. Ошол себептен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, жергиликтүү толкундоолорго алып келген.

13-майдагы окуяларга нааразы болгон жаштар, 18-майда кечинде, саат 22:00 чамасында, Бишкек шаарынын Курманжан-Датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине чогула баштап, чогулгандардын саны 500дөн 700гө  жеткен.

Чогулгандар Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда мушташуу фактысы боюнча күнөөлүү адамдарга карата укук коргоо органдары тарабынан чара көрүүнү талап кылышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң чогулгандар тарап кетишкен.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты