Министр Бейшеналиев депутат Коргонбай уулун сотко берди

  • 1 месяц мурун

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулуна каршы сотко арыз берди.  
Муну министр “Азаттыкка” ырастады.

“Фактысы жок туруп эле айыптап, өзүн жарнама кылгысы келген депутаттар да көп. Алар мындайды токтотушу керек. Мен буга үлгү болоюн деп жатам. Алар трибунадан сүйлөгөн сөзүнө жооп бере тургандай болушу керек. Коргонбай уулу менден Ноокат районундагы ооруканага кызматка бир жигитти коюп бер деп суранганда койбой койгом” деди Бейшеналиев.

Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 14-марттагы жыйынында “саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деп сындаган.

Алымкадыр Бейшеналиев бир жыл мурда саламаттык сактоо министри кызматынан президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бошотулган жана 7 айдан кийин кайра дайындалган.

Башкы прокуратура Бейшеналиевди коронавируска каршы вакцина сатып алуудагы коррупцияга байланыштуу кармап, ага карата 7 кылмыш ишин козгогон. Андан соң министр ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилген.

2022- жылы 16-августта Бейшеналиевге вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулганын анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирген. Ал ички иштер министрлиги кылмыштын курамы жок болгондуктан ушундай чечим чыгарганын белгилеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты