Милиция моргду курчап алды

  • 7 месяцев мурун

Бишкектеги моргду милиция курчап алды. Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин көз жумганы кабарланууда. Бирок расмий маалымат бериле элек. Ал эми анын адвокаты Сергей Манукян Камчы Көлбаев көз жумду деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын ЖМКга билдирди.

Буга чейин “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин Бишкекте “Учкун” имаратынын алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалганы кабарланган. Кармоо учурунда спецназдын бир жоокери оор жарадар болгону айтылды.

Ошондой эле УКМКнын имаратына «Тез жардам» унаасы кирген.

Камчы Көлбаев 49 жашта, Чолпон-Ата шаарында туулган. Кыргызстанда кылмыштуу топтун жетекчиси катары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) каттоосунда турат.

Кримтөбөл Камчы Көлбаев 2020-жылы 22-октябрь күнү Бишкек шаарында кармалган.

23-октябрдан тарта соттун чечимине ылайык, тергөө бүткөнгө чейин УКМКнын СИЗОсуна жайгаштырылган. Камчы Көлбаевге Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин “Кылмыштык топ уюштуруу же ага мүчө болуу” беренеси менен сотко чейинки иш өндүрүшү башталган. 2020-жылдын 2-ноябрында Камчы Көлбаев ден-соолугуна байланыштуу 47-түзөтүү колониясына которулган.

2-мартта Камчы Көлбаев эч жакка кетпөө шарты менен колониядан чыгарылганн.

Эл аралык кылмыштуу топтун мүчөсү катары АКШнын мамлекеттик департаментинин “кара тизмесинде” турат. Ошол жылы ал мекенинде “кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон жана адам уурдаган” деген айып менен үч жылга соттолгон жана 2014-жылы бошонуп чыккан.

Баш сүрөт: АКИпресс:

Калган сүрөттөр: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты