УКМК имаратына «Тез жардам» унаасы кирди

  • 7 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин имаратына «Тез жардам» унаасы кирди. Бул тууралуу биздин кабарчыбыз билдирди.

Буга чейин “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаев Бишкекте “Учкун” имаратынын алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалганы кабарланды. УКМК бул боюнча расмий маалымат тарата элек.

Кармоо учурунда спецназдын бир жоокери оор жарадар болгону айтылды.

Окуя болгон жерге саламатттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев барды.

Кримтөбөл Камчы Көлбаев 2020-жылы 22-октябрь күнү Бишкек шаарында кармалган.

23-октябрдан тарта соттун чечимине ылайык, тергөө бүткөнгө чейин УКМКнын СИЗОсуна жайгаштырылган. Камчы Көлбаевге Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин “Кылмыштык топ уюштуруу же ага мүчө болуу” беренеси менен сотко чейинки иш өндүрүшү башталган. 2020-жылдын 2-ноябрында Камчы Көлбаев ден-соолугуна байланыштуу 47-түзөтүү колониясына которулган.

2-мартта Камчы Көлбаев эч жакка кетпөө шарты менен колониядан чыгарылганн.

Сүрөт: УКМКнын алдындагы «Тез жардам» унаасы.4-октябрь. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты