Камчы Көлбаевди кармоо операциясы жүрдү (Фоторепортаж)

“Мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевди Бишкекте “Учкун” имаратынын алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалганы кабарланууда. УКМК бул боюнча расмий маалымат тарата элек.

Кармоо учурунда спецназдын бир жоокери оор жарадар болгону айтылды.

Окуя болгон жерде саламатттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев барды.

Камчы Көлбаевди кармоо операциясы жүрдү (Фоторепортаж)
Камчы Көлбаевди кармоо операциясы жүрдү (Фоторепортаж)
Камчы Көлбаевди кармоо операциясы жүрдү (Фоторепортаж)
Камчы Көлбаевди кармоо операциясы жүрдү (Фоторепортаж)
Камчы Көлбаевди кармоо операциясы жүрдү (Фоторепортаж)

Камчы Көлбаев 49 жашта, Чолпон-Ата шаарында туулган. Кыргызстанда кылмыштуу топтун жетекчиси катары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) каттоосунда турат.

Кримтөбөл Камчы Көлбаев 2020-жылы 22-октябрь күнү Бишкек шаарында кармалган.

23-октябрдан тарта соттун чечимине ылайык, тергөө бүткөнгө чейин УКМКнын СИЗОсуна жайгаштырылган. Камчы Көлбаевге Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин “Кылмыштык топ уюштуруу же ага мүчө болуу” беренеси менен сотко чейинки иш өндүрүшү башталган. 2020-жылдын 2-ноябрында Камчы Көлбаев ден-соолугуна байланыштуу 47-түзөтүү колониясына которулган.

2-мартта Камчы Көлбаев эч жакка кетпөө шарты менен колониядан чыгарылганн.

Эл аралык кылмыштуу топтун мүчөсү катары АКШнын мамлекеттик департаментинин «кара тизмесинде» турат. Ошол жылы ал мекенинде “кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон жана адам уурдаган” деген айып менен үч жылга соттолгон жана 2014-жылы бошонуп чыккан.

Баш сүрөт: RFE/RL

Калган сүрөттөр: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты