Мэрия: «ЖК депутаттары “Көк-Жар” конушундагы кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылууда»
- 10 месяцев мурун
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев президентке «Көк-Жар» конушунун №172 контурунун жашоочуларынын абалы боюнча сунуш киргизди. Өлкө башчысы бул маселе боюнча түшүнүү менен кабыл алып, колдоосун билдирди.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
“Президенттин тапшырмасынын негизинде учурда жарандарды турак жай менен мыйзам чегинде жана адилеттүү камсыздоо боюнча чечим ишке ашырылып жатат. Ал эми мыйзамсыз аракеттерге жол берилбейт жана тиешелүү чаралар көрүлөт. Ошол эле учурда айрым саясатчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары азыркы кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылып, бул курч теманын тегерегинде ой-пикир айтып жаткандыгын белгилейбиз. Бишкек шаарынын мэриясы мындай маанилүү процесске кийлигишпөөгө чакырат. Бул маселе кылдат, мыйзамдуу жана адам тагдырына урмат менен мамиле кылууну талап кылат” деп билдирди Бишкек мэриясы.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Көк-Жар жаңы конушундагы 172-контур боюнча мыйзамсыз салынган делген үйлөрдү түрттүрүү боюнча президентке кайрылып, жумушчу топ түзүүнү, түрттүрүү иштерин убактылуу токтотууну суранды.
“Көк-Жар” конушунун 172-контурунун тургундары басма сөз жыйынын өткөрүп, өздөрү кабылган жагдайга түшүндүрмө берди. Алар президент Садыр Жапаровго, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге үч сунуш киргизди:
- Жеке турак-жайларды буздурууга мораторий жарыялоо;
- Жер мунапысына кирген контурларды иргеп, тизмесин түзүп, Министрлер кабинетинин расмий сайтына жайгаштыруу;
- Жер мунапысы боюнча жеке топту кабыл алуу.
Бишкек шаарынын Көк-Жар айылынын №172 контурунда коммерциялык объект, тосмо жана үйлөр буздурулууда. Мэрия бул объектилер, үйлөр мыйзамсыз курулган деп айтууда. Көк-Жар айылынын жашоочулары каршы чыгып, жолду тосушту.
“Көк-Жар” конушунда мыйзамсыз салынган делген үйлөрдү бузууга каршы жол тоскондордун арасынан беш адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Мэриянын айтымында, Аламүдүн районунан Бишкек шаарынын Октябрь районуна өткөрүлүп берилген контурлар трансформацияланууда, жер тилкелери азырынча мыйзамдаштырыла элек. Жер тилкелеринин айыл чарба багыты бар.
Сүрөт: Бишкек мэриясы




