Мейкинбек Абдалиев БШК мүчөлүгүнөн бошотулду

  • 2 недели мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 31-октябрда, Мейкинбек Абдалиевди КР БШКнын мүчөсүнүн милдетинен бошотту.

Бул тууралуу БШК билдирди.

Мейкинбек Абдалиев  №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу  арызын берген.

Конституциялык мыйзамдын 21-беренесинин 2-1-бөлүгүнө ылайык, талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты