Мээрбек Мискенбаев Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча ИИМде үч жарым саат сурак берди  

Жогоку Кеңештин экс-депутат Мээрбек Мискенбаев ички иштер  министрлигинин тергөө башкармалыгында блогер камакта жаткан блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча үч жарым саат сурак бергенин билдирди.

Ал Кой-Таш окуясы боюнча сотко барган учурда ИИМге суракка алып келингендигин, тилкат бергендигине байланыштуу сурактын деталдарын айта албасын, бирок Ырыс Жекшеналиевдин камакка алынышы адилетсиз экендигин белгиледи.  

Блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши  боюнча экс-депутат Мээрбек Мискенбаев Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгы суракка чакырылганы тууралуу Фейсбук баракчасына Кундуз Жолдубаева жазган.   

Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев 14-августта кечинде милицияда бир нече саат сурак бергенден кийин камалган.

Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш ишин козгогон.

16-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасы каралып, эки айга 14-октябрга чейин камакка алынган.

Сүрөт: Мээрбек Мискенбаев. Кундуз Жолдубаеванын Фейсбук баракчасынан .

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты