Мээрбек Мискенбаев блогер Жекшеналиевдин иши боюнча суракка чакырылды  

  • 2 года мурун

Блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши  боюнча экс-депутат Мээрбек Мискенбаев Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгы суракка чакырылды.

Бул тууралуу Фейсбук баракчасына Кундуз Жолдубаева жазды.   

Анын айтымында, Мээрбек Мискенбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко барган. Ага ошол жерден ИИМдин ыкчам тобунун кызматкерлери ИИМдин тергөө башкармалыгына чакыруу кагазын берген.      

Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев 14-августта кечинде милицияда бир нече саат сурак бергенден кийин камалган.

Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш ишин козгогон.

16-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасы каралып, эки айга 14-октябрга чейин камакка алынган.

Сүрөт: Мээрбек Мискенбаев. Кундуз Жолдубаеванын Фейсбук баракчасынан .

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты