Блогер Ырыс Жекшеналиев 2 айга камакка алынды
- 2 года мурун
Блогер Ырыс Жекшеналиев 2 айга камакка алынды.
Бүгүн, 16-августта Биринчи Май райондук сотунда Жекшеналиевдин баш коргоо чарасы каралды.
14-августта Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев кармалган. Буга УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеосун аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы белгилүү болгон.
Муну бөлүшүү