MCN сoin иши боюнча Юруслан Тойчубеков кармалганы айтылууда
- 1 месяц мурун
Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматынын мурдагы төрагасы Юруслан Тойчубеков MCN Coin иши боюнча кармалганын күч түзүмдөрүндөгү жеке булактарына шилтеме берүү менен Kaktus.media басылмасы билдирди.
Басылманын жеке булактары билдиргендей, Юруслан Тойчубеков кечээ, 10-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган.
MCN coin криптовалюта сатып алып, алданып калгандарына арызданган 898 адамга 1 млн 700 миң доллардан ашык каражат кайтарылып берилди. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери Данияр Закиров 10-февралда “Биринчи радио” эфиринде билдирди.
“Ички иштер министрлиги бул боюнча 2024-жылы 12-сентябрда кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин («Алдамчылык») 3-бөлүгү менен иш козгогон. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Материалдар Бишкек шаарынын эки райондук милициясында каралууда” деди ал.
7-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту MCN Coin криптовалюта сатып, 2,5 млн долларды алдап алууга шектүүлөрдү камакка алды. М.Д.С. жана С.И.С. 5-апрелге чейин камакка алынды.
Буга чейин социалдык тармактарда MCN Coin монетасын сатып алып, аны 100 миң долларга чейин көбөйтүүгө мүмкүн экендигине чакырык жасаган видеолор тараган.
5-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) бул ишке шектүүлөрдү кармаган, анын бири Дубайга учууга камынып жаткан.
Ал эми MCN сoin уюштуруучусу И.С. 2,5 млн доллар каражат иштеп тапкандарын жана жарандардын акчасын кайтарып бере албасын айткан видео да тараган.
Криптовалюта деген эмне? MCN Coin кандай схема менен иштеген? Бул тууралуу «ПолитКлиниканын» материалынан тааныша аласыздар.
Сүрөт: Юруслан Тойчубеков. kenesh.kg