MCN coin ге акчасын алдаткандардын 1 млн 700 миң доллары кайтарылды   

MCN coin криптовалюта сатып алып, алданып калгандарына арызданган 898 адамга 1 млн 700 миң доллардан ашык каражат кайтарылып берилди.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери Данияр Закиров 10-февралда “Биринчи радио” эфиринде билдирди.

“Ички иштер министрлиги бул боюнча 2024-жылы 12-сентябрда кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин («Алдамчылык») 3-бөлүгү менен иш козгогон. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Материалдар Бишкек шаарынын эки райондук милициясында каралууда” деди ал.

7-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту MCN Coin криптовалюта сатып, 2,5 млн долларды алдап алууга шектүүлөрдү камакка алды. М.Д.С. жана С.И.С. 5-апрелге чейин камакка алынды.

Буга чейин социалдык тармактарда MCN Coin монетасын сатып алып, аны 100 миң долларга чейин көбөйтүүгө мүмкүн экендигине чакырык жасаган видеолор тараган.

5-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) бул ишке шектүүлөрдү кармаган, анын бири Дубайга учууга камынып жаткан.

Ал эми MCN сoin уюштуруучусу И.С. 2,5 млн доллар каражат иштеп тапкандарын жана жарандардын акчасын кайтарып бере албасын айткан видео да тараган.  

5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында криптавалюта шылуундары боюнча депутаттар Бакыт Калпаев, Бекмырза Эргешов жана Марлен Маматалиев маселе көтөрдү.

Криптовалюта деген эмне? MCN Coin кандай схема менен иштеген? Бул тууралуу «ПолитКлиниканын» материалы төмөндө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты