MCN Coin сатып, 2,5 млн долларды алдап алууга шектүүлөр камакка алынды
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 7-февралда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту MCN Coin криптовалюта сатып, 2,5 млн долларды алдап алууша шектүүлөрдү 5-апрелге чейин камакка алды.
Биринчи май райондук соттун чечими менен М.Д.С. жана С.И.С. 5-апрелге чейин камакка алынды.
Буга чейин социалдык тармактарда MCN Coin монетасын сатып алып, аны 100 миң долларга чейин көбөйтүүгө мүмкүн экендигине чакырык жасаган видеолор тараган.
5-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) бул ишке шектүүлөрдү кармаган, анын бири Дубайга учууга камынып жаткан.
Ал эми MCN Coin уюштуруучусу И.С. 2,5 млн доллар каражат иштеп тапкандарын жана жарандардын акчасын кайтарып бере албасын айткан видео да тараган.
5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында криптавалюта шылуундары боюнча депутаттар Бакыт Калпаев, Бекмырза Эргешов жана Марлен Маматалиев маселе көтөрдү.
-Бүгүнкү күндө шылуундар, аферисттер, элдин ишенимине кирип алып, ар кандай суммадагы акчаны алып, ошол эле убакта алдашууда. Бир мисалды айтып кетким келет: Мына, Интернетте MCN coin криптавалюта деп ачып алып, азыр акча салсаңар, эки айда 100 миң сом, бир жылда 100 миң доллар болот деп, бүтүндөй Кыргызстанды кыдырып, алдап жүрүшөт. Ушуларга жазаны күчөтпөсөк, эртең “урматтуу президент, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич” деп кайрылууларды жасай баштайт. Ошол себептен тез арада ушул MCN coin сыяктуу криптавалюта деп ачып алып, элди алдап жүргөн шылуундарга катуу жаза берүүгө чакырам. Мындай жеңил акчага азгырылып, массалык түрдө мындай жолдорго баргандарга, элге кайрылуу жасап, ушул шылуундарды, аферисттерди жоопко тартууга чакырам. Күндөн-күнгө буга алдангандардын саны көбөйүн бара жатат, -деди депутат Калпаев.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөт: Интернет булактарынан