Массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектүү 5-январга чейин камакка алынды
- 4 недели мурун
- Видео
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык баш аламандыктар) боюнча кылмыш иши тергелүүдө.
Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.
Тергөө иштеринин алкагында Бишкек шаарынын аймагында айрым жарандар жыйын уюштуруп, мамлекеттик саясатка макул эместигин билдирип, үгүт иштерин жүргүзүү аркылуу массалык баш аламандыктарга чакырыктарды уюштурууга багытталган аракеттерди жасагандыгы аныкталган.
«1971-жылы туулган Ж.М. аттуу жаран шектүү катары кармалган. Тинтүү иштеринин жүрүшүндө анын жашаган жеринен жана өзүнө таандык Toyota 4Runner үлгүсүндөгү унаасынан Ж.Мге таандык документтер, ар кандай үлгүдөгү беш уюлдук телефон, микро-SIM-карта, чет өлкөлүк номерлер, кол жазмалары бар эки күндөлүк, «Ашара Хидаст» деген жазуусу бар 14 беттен турган папка, араб тилиндеги 68 китеп, араб тилиндеги китептер салынган бир куту, ошондой эле «ИНЕ» үлгүсүндөгү эки рация жана тергөө үчүн маанилүү болгон башка буюмдар алынган. Ж.М. кылмыш-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) убактылуу кармоочу жайына киргизилди» деп айтылат маалыматта.
2025-жылдын 13-декабрында Ж.М.га кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айыбы угузулган. Ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен айыпталуучуга 2026-жылдын 5-январына чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.
Тергөө иш-чаралары улантылууда.
ИИМдин видео тасмасынан белгилүү болгондой, массалык баш аламандыкка чакырык жасоого шектелип кармалган жаран казыяттын мурдагы өкүлү Муктарбек Жусупбеков. Ал эми видео тасмада аны менен телфон аркылуу сүйлөшүп жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов.
Буга чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген адамдардын тобу кармалгандыгын 22-ноябрь түнү билдирди.
“Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин массалык баш аламандыктарды уюштурууну көздөгөн деструктивдүү топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Анын курамына саясий ишмерлер, экс-депутаттар, мурдагы мамлекеттик кызматкерлер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышып, алар провокация жана күч кагылышуулары үчүн өз тарапташтарын, уюшкан кылмыштуу топторду жана спортткк бирикмелерди кошуп тарапкерлерин тартышкан” деп айтылат 22-ноябрдагы маалыматта.
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кармалгандар: 1963-жылы туулган А. У., 1998-жылы туулган С.Т., 1979-жылы туулган А.Ш., 1983-жылы туулган Э.Э., 1984-жылы туулган М.Д., 1986-жылы туулган Ш.Т., 1993-жылы туулган А.К., 1993-жылы туулган А.уЭ., 1993-жылы туулган К.Н. жана 1970-жылы туулган К.К. Аларга кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б. коштолгон массалык баш аламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Маалыматта тинтүү учурунда курал-жарактар, ок-дарылар, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң АКШ доллары, тополоңду каржылоо боюнча документтер, иш-аракеттер пландары жана баңги каражаттар алынгандыгы айтылат.
Буга чейин Ички иштер министрлигине 1998-жылы туулган жаран С.Т. массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөндүгү жана С.Т. кармалгандыгы кабарланган. ИИМ маалымат менен бирге үч киши сүйлөшүп отурган видеону таратты. Видеодон “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековду дагы көрүүгө болот.
Буга чейин Адахан Мадумаровдун үйү тинтүүгө алынып, сурак берип чыккан, Сыймык Жапыкеев да суракка алынган. Журналист Дмитрий Ложниковдун мурдагы аялы жана балдары жашаган үй тинтүүгө алынган.
Темирлан Султанбеков жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев, Шайлообек Атазов камакка алынган.
Ошондой эле кармалгандардын арасындагы сүрөттөрдөн жана видеодон Темирлан Султанбеков, Кадыр Атамбаев, Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеев, Урмат Барктабасов, Эрмек Эрматов ж.б. бардыгы он адам экенин көрүүгө болот.
Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы




