Адахан Мадумаров сурак берип чыкканы кабарланды
- 7 месяцев мурун
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров суракка кирип чыкканы кабарланды. Бул тууралуу аталган партиянын өкүлдөрү кабарлашты.
Маалыматка караганда, эртең мененки саат 07:00 чамасында укук коргоо органдары Мадумаровдун жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн. Тинтөө учурунда сейф, камера, ноутбук, компьютер, уюлдук телефондор жана башка жеке буюмдар алынган.
Акыркы маалыматтар боюнча Мадумаровду сурактан кийин бошотушкан. Расмий органдар маалымат бере элек.
Муну бөлүшүү




