Марлен Маматалиев: «Чөөлөр арстанга кол салып жатканын билишкен эмес»

Бүгүн, 18-июнда, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жалпы жыйында 75 кишинин каты боюнча дагы бир жолу маалымат берди.

Марлен Маматалиев: “Чөөнүн ишин кылалы дешкен, бирок чөөлөр арстанга кол салып жатканын билген эмес. Чөөлөр арстанды эч убакта жеңе алган эмес. Арстандын артында 7 миллион адам турат”.

(Төрага Марлен Маматалиев депутат Талант Мамытовдун сөзүнөн кийин 75 кишинин каты боюнча, сүйлөдү).

“Зашакалить хотели, при этом эти шакалы и шакаленки забыли, что они нападают на льва, никогда такого не было, чтобы шакал победил льва. За львом стоят 7 миллионов людей».   

Ал эми анын алдында төрага Маматалиев мындайча түшүндүрмө берди:

Билесиздер, жаңы эле төрага болуп шайланып келгенден кийин ошол кат боюнча өтө чоң талкуу жүрүп, ар кандай божомолдор айтылып, керек болсо, бири бирин сата баштаган. Ар кандай божомолдор болбосун деп, биз атайын комиссия түздүк. Комиссияга биздин юристтерди жана ошол жакта аппарат кызматкерлерин, депутаттарды карап бериңиздер деп чогуу караттык. Ал каттын бул жакка келип жүрүшүн гана аныктоо багытында. Аны биз тергөөгө өткөрүп бердик. Тергөөчүлөр жумушун алып барып, далилдеп, анан сотко өткөрүп берди. Сот жүрүп жатат. Элвира Жыргалбековна (Сурабалдиева-ред.) бул жерде өтө көп депутаттар сүйлөйүн деген, бирок сотко, тергөөгө басым болуп калбасын деп, сүйлөгөн эмеспиз. Бирок бүгүн сүйлөгөнгө туура келип жатат. Ошон үчүн дагы бир жолу кайталап айтып койсок.

Демек, ал кат чындыгында келген, биз тийиштүү ар бир кызматкер ошол катты алып жатканда, киргизип жатканда, сааты менен бүт түшүндүрмөлөр бар. Биз аны толуктап, ИИМге өткөрүп бергенбиз. Мен баарынын аттарын атабасам дагы, кененирээк маалымат берип коеюн. 

Ал кат келип-келе электе, катты күтүп алышкан. Бул жактагы кызматкерге команда келген, “ушундай кат келет, күтүп тур” деген. Ал катты “каттабай, кармап тур” деп айтылат. Ал кат келет, адрести туура эмес жазып коюп, оңдоп кайра алып келет. Алып келингенде, команда келгендей, ал катты кармап турат. Эки сааттан кийин “болду, төраганын атына каттайсың” деген команда келет. Мурдагы төрага Тургунбек уулунун атына каттап, түз алып барасың деген. Ошол жерде биздин тийиштүү бөлүм башчы, кызматкерлер каттаган. Сиздер каттоо кандай жүрөрүн билесиздер, аны вицелерге каттаса же түз комитетке эле каттаса болот же өз процедурасы менен эле келе турган нерсе. Бирок аны каттатышып, кабыл алуу тараптан чалдырышып, анан алып барып беришкен. Мурдагы төрага Тургунбек уулунун кабыл алуусуна алып барып беришет. Ал жактан кеңешчисиби же жардамчысыбы, колуна алат, «менде болсун» деп.  Тургунбек уулу менен макулдашышат. Ал жоопкерчиликтен качам дегенби же көрбөй калгам дейин дегенби, “менин орун басарыма алып барып бер, ал комитетке түшүрсүн” деген буйрук берет. Орун басары орто жолдо кармайт, тактайт, Тактагандан кийин комитетке түштү. Кечээ сотко барган кызматкерлер — алар кыйыр күбөлөр. Түз тиешеси бар кызматкерлер тергөөдө да айткан, алар өз өмүрүнөн коркушкан. Мүмкүн сот ачык болуп жатканда, алардын көрсөтмөлөрү көрүнгөн жок, кыйыр күбөлөр укканын гана айтып жатат. Депутат Элвира Жыргалбековна бул жакта болгон нерсени айтты. Күбөлөр тергөөгө баарын айтып берсе керек.

Анан “билбей калдым, көрбөй калдым” деп актанып жаткандарга айтат элем,  андай эмес, бардыгы билген, күткөн. Ал каттын натыйжасы, багыты эмне болгон? Орто жолдо бузулуп кетти да, бурулбаганда эмне болот эле? 2025-жылы президенттик шайлоонун акыркы мөөнөтү январь айынын акыркы жекшемби деп кабыл алып бергенбиз. Ошол датаны эртерээк өткөрөбүз деп жаткан. Коомчулук буга даярданып жаткан. Демек, бул дагы даярдык болуп жаткан.  Факт бар да. Эки ача сөз бербеш керек. Үч окууда кабыл алып бергенде, вето коюлмак, мыйзам бурмаланмак. Мамлекетибизди жоготуп алуу коркунучу болгон.

Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Марлен Маматалиев 75 кишинин катынын Жогорку Кеңешке келиши, каттын жүрүшү боюнча кайра маалымат бергенден кийин, депутат Талант Мамытов сүйлөдү. Андан кийин төрага Маматалиев сөзүн жыйынтыктап, “Чөөнүн ишин кылалы дешкен, бирок чөөлөр, арстанга кол салып жатканын билген эмес. Чөөлөр арстанды эч убакта жеңе алган эмес. Арстандын артында 7 миллион киши турат” деп билдирди.

Бүгүн, 18-июнда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастанбек Жумабеков 75чилердин сот отурумунда депутат Элвира Сурабалдиевага жасалган мамиледен улам, аны мамлекеттик кайтарууга алуу керек деген сунушун билдирди.

Марлен Маматалиев депутат Дастанбек Жумабековдон кийин сөз алып, 75 кишинин каты боюнча кайрадан түшүндүрмө берди.

Бүгүн, 18-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 75чилердин каты боюнча сот отуруму айыпкерлердин бири—Эмил Узакбаевден саламаттыгына байланыштуу 22-июнга жылдырылды.

15-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 75чилердин каты боюнча сот отуруму өттү. Анда күбөлөр сурак берди. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева күбө катары сурак берген учурда Камчыбек Ташиев экөө айтышып кетти.   

Ал эми Камчыбек Ташиев 75чилердин каты боюнча депутаттык иликтөө тууралуу маалымат, факты да болбогонун айтты жана Сурабалдиеванын атасынын өлтүрүлүшү бул факт деп билдирди.   

18-майда Биринчи май райондук сотунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган сегиз адамдын соттук иши башталды.

Аларга кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, бийликти күч менен басып алуу жана 337-берене, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айып тагылууда.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш-аламандык уюштурууга шектүүлөр кармалган. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 6-апрелдеги чечими боюнча, 75 кишинин иши боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов камакта калтырылды.

Кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө иши жүргүзүлгөн. Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдогон.

Сүрөттө: Жогорку Кеңештин төрагасы Марден Маматалиев. kenesh.kg

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты