Дастанбек Жумабеков депутат Сурабалдиева мамлекеттик кайтарууга алынышы керектигин билдирди

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 18-июнда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастанбек Жумабеков 75чилердин сот отурумунда депутат Элвира Сурабалдиевага жасалган мамиледен улам, аны мамлекеттик кайтарууга алуу керек деген сунушун билдирди.

-75чилердин сот процесси боюнча кечээ, соцтармактардан, ЖМКдан маалымат алып жаттык, биздин кесиптешибиз Элвира Сурабалдиева ал жерге барыптыр. (Бирок кандай статус менен барганы тууралуу менде маалымат жок экен-Д.Ж. Ред.:күбө катары). Бирок ошол жерде кесиптешибиз, эл тарабынан шайланган өкүл, депутат кысымга алынгандай болду, менин байкашыма караганда. Жооп берейин десе, кысым болуп жатты. Мен бир ойго келдим, мамлекеттик мыйзам бар, күзөт боюнча. Ошол мыйзамга таянып, эгер кесиптешибиз, Элвира Жыргалбековна каршы болбосо, мамлекеттик күзөт берсек, шартка жараша. Ошого туура келип калды болуш керек.  Бул президенттин тескемеси менен берилет, сиз да, төрага, сүйлөшүп, акылдашып, ушуну сунуштап көрсөңүз. Биз кесиптеш катары алдын ала ушундай иштерди карап койбосок болбойт. Кийин кеч болуп калды деп… Кудай сактасын, андай жаман нерселерди ойлобойлу, бирок бул мыйзамда каралган. Кечээги соттогу процессти караганда, кесиптешибиз Элвира Жыргалбековнага жасалган кысым, басымды мен туура эмес деп ойлойм. Ошондуктан биз алдын ала иш-чараларды жүргүзүп койсок,-деди депутат Дастанбек Жумабеков.   

15-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 75чилердин каты боюнча сот отуруму өттү. Анда күбөлөр сурак берди. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева күбө катары сурак берген учурда Камчыбек Ташиев экөө айтышып кетти.   

Ал эми Камчыбек Ташиев 75чилердин каты боюнча депутаттык иликтөө тууралуу маалымат, факты да болбогонун айтты жана Сурабалдиеванын атасынын өлтүрүлүшү бул факт деп билдирди.       

— Факты деген адам өзү конкреттүү көргөн нерсе болот. Мен сиздин атаңызды кантип өлтүрүп кетишкенин өзүм көргөм. Ошондо мен биринчи болуп баргам, ага жардам берүүгө аракет кылгам, -деп, Сурабалдиева саясий пикир айтып жатканын белгиледи.

— Бул жерде атамдын эмне тиешеси бар? Бул психологиялык басым экенин билесизби? Мени эсиме келтирүү сиздин ишиңиз эмес,-деди Сурабалдиева.

 -А сиз мени иш бөлмөдөн канча ирет коркутуп, канча жолу камоо менен коркуттуңуз. Муну да баары билет,-деди депутат Сурабалдиева.

18-майда Биринчи май райондук сотунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган сегиз адамдын соттук иши башталды.

Аларга кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, бийликти күч менен басып алуу жана 337-берене, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айып тагылууда.

Сүрөт: 15-июндагы сот процессиндеги видеодон алынды.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты