“Манас” эл аралык аэропорту ишин жандантты

  • 5 дней мурун

“Манас” эл аралык аэропорту ишин кайрадан жандантты. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропортту” ачык акционердик коому (ААК) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, “Манас” аэропортунун иши бүгүн, 8-июлда, саат 9:00дөн баштап ишин  улантты.  

 7-июлда “Манас” эл аралык аэропортунда TezJet компаниясынын учагы кырсыктады. Бул тууралуу күбөлөрдүн айтуусу боюнча ЖМК жазды жана “Кыргызстан аэропорттору” тастыктады. 

Учак кырсыктагандан кийин «Манас» эл аралык аэропорту да ишин убактылуу токтоткон.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги 7-июлда «Манас» эл аралык аэропортундагы Tez Jet компаниясынын учак кырсыгы боюнча расмий иликтөө жүргүзүлөрүн билдирди.  

-Алдын-ала маалыматтарга ылайык, аба кемеси рулдоону аяктап, 25-учуу-конуу тилкесинин аткаруу стартын ээлегенден кийин учууга чейинки жол-жоболорду аткаруу маалында сол негизги шасси тирөөчү бүгүлүп кеткен. Экипаж аба кемесин токтотуп, белгиленген коопсуздук жол-жоболоруна ылайык, бардык зарыл аракеттерди көргөн,-деп билдирди Жарандык авиация агенттиги.

Учакта 187 киши болгон. Жүргүнчүлөрдүн жана экипаж мүчөлөрүнүн арасында жабыркагандар жок.

Учуу коопсуздугун камсыздоо максатында Tez Jet авиакомпаниясынын учактарын эксплутациялоону убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Сүрөттө: «Манас» эл аралык аэропорту. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты