Жарандык авиация агенттиги учак кырсыгынын себептери боюнча иликтөө жүргүзүлөрүн билдирди

  • 2 недели мурун

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги 7-июлда «Манас» эл аралык аэропортундагы Tez Jet компаниясынын учак кырсыгы боюнча расмий иликтөө жүргүзүлөрүн билдирди.  

-Алдын-ала маалыматтарга ылайык, аба кемеси рулдоону аяктап, 25-учуу-конуу тилкесинин аткаруу стартын ээлегенден кийин учууга чейинки жол-жоболорду аткаруу маалында сол негизги шасси тирөөчү бүгүлүп кеткен. Экипаж аба кемесин токтотуп, белгиленген коопсуздук жол-жоболоруна ылайык, бардык зарыл аракеттерди көргөн,-деп билдирди.

Учакта 187 киши болгон. Жүргүнчүлөрдүн жана экипаж мүчөлөрүнүн арасында жабыркагандар жок.

Бул факты боюнча окуянын себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн расмий иликтөө жүргүзүлөт. Иликтөө аяктаганга чейин Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги коомчулукту шашылыш жыйынтык чыгаруудан жана ырасталбаган маалыматты таратпоого чакырат.

Учуу коопсуздугун камсыздоо максатында Tez Jet авиакомпаниясынын учактарын эксплутациялоону убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды,-деген маалымат таратты.      

Бүгүн, 7-июлда, “Манас” эл аралык аэропортунда TezJet компаниясынын учагы кырсыктады. Бул тууралуу күбөлөрдүн айтуусу боюнча ЖМК жазды жана “Кыргызстан аэропорттору” тастыктады.    

Маалыматка караганда, TezJet компаниясынын учагы учуу үчүн күүлөнүп келатып, шашылыш токтотулган жана жантайып калган. Саат 16:15те жүргүнчүлөрдү авариялык желим трап менен эвакуация кылышкан.

TezJet компаниясы 2013-жылы негизделген, ал эми 2014-жылдан тартып жүргүнчүлөрдү ташый баштаган. Бишкектен Баткен, Жалал-Абад, Раззаков жана Ошко учат. Жайкысын Тамчы-Жалал-Абад, Тамчы-Ош каттамдарын аткарат.

Сүрөт: Жарандык авиация мамагенттиги

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты