PISA: Кыргызстандык окуучулардын жыйынтыгы 11 позицияга жогорулады

PISAнын мурунку циклдеринде Кыргызстан акыркы орунда болсо, PISA- 2025 жыйынтыгы боюнча 91 катышуучу өлкөнүн ичинен 80-орунду ээлеп, 11 позицияга жогорулады.

Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

8-сентябрда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү Братислава шаарында өткөн аймактык конференцияга катышты. Анда PISA-2025 жыйынтыктары жарыяланды.

PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө 91 өлкө катышып, жалпысынан 762 миңге жакын окуучу камтылды. Кыргызстан бул изилдөөгө 16 жылдык тыныгуудан кийин кайрадан катышып, биринчи жолу компьютердик форматта тапшырды. Негизги багыт катары табигый-илимий сабаттуулук тандалды.

Кыргызстандын орточо көрсөткүчү табигый-илимий сабаттуулук боюнча 363 баллды, математикалык сабаттуулук боюнча 364 баллды, ал эми окуу сабаттуулугу боюнча 344 баллды түздү. 2006 жана 2009-жылдардагы жыйынтыктарга салыштырмалуу өсүш статистикалык жактан маанилүү.

Эгерде PISAнын мурунку циклдеринде Кыргызстан акыркы орунда болсо, PISA 2025тин жыйынтыгы боюнча 91 катышуучу өлкөнүн ичинен 80-орунду ээлеп, 11 позицияга жогорулады.

PISA — Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) 15 жаштагы окуучулардын алган билимин реалдуу турмуштук кырдаалдарда канчалык деңгээлде колдоно аларын үч жылда бир жолу баалоочу эл аралык программа. Изилдөө функционалдык сабаттуулукту — ой жүгүртүү, маалыматты талдоо жана практикалык маселелерди чечүү жөндөмүн баалайт.

PISAнын негизги максаты — рейтинг түзүү же айрым окуучуларга баа берүү эмес, билим берүү системасынын күчтүү жактарын жана көйгөйлүү багыттарын аныктоо. Изилдөөнүн жыйынтыктары убакыттын өтүшү менен болгон өзгөрүүлөрдү жана башка өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү менен салыштырууга, ошондой эле алынган маалыматтарды билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган чечимдерди кабыл алууда пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты