Манас шаарында «Акылман» президенттик лицейи ачылды
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар
Манас шаарында «Акылман» президенттик лицейи ачылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.
Лицейдин ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Маалыматта белгиленгендей, жаңы билим уясы 410 окуучуга ылайыкталган. Учурда үч этаптуу сынактан өткөн 144 окуучу 7–8-класстарга кабыл алынды.
Лицейде 35 заманбап класс, профилдик лабораториялар, спорт залы, бассейн, актовый зал жана спорт аянтчасы бар. Балдардын билим алуусуна, спорт менен машыгуусуна, чыгармачылык жана интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө бардык шарт түзүлдү.
Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү




