“Манас” аэропортунда TezJet компаниясынын учагы кырсыктады
- 6 дней мурун
Бүгүн, 7-июлда, “Манас” эл аралык аэропортунда TezJet компаниясынын учагы кырсыктады. Бул тууралуу күбөлөрдүн айтуусу боюнча ЖМК жазды жана “Кыргызстан аэропорттору” тастыктады.
Маалыматка караганда, TezJet компаниясынын учагы учуу үчүн күүлөнүп келатып, шашылыш токтотулган жана жантайып калган. Саат 16:15те жүргүнчүлөрдү авариялык желим трап менен эвакуация кылышкан.
Бул каттам Манас шаарынан Бишкекке келгендиги айтылат.
Жүргүнчүлөр аман-эсен, жабыркагандар тууралуу маалымат такталат жана окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. “Кыргызстан аэропорттору” кийинчерээк маалымат берээрин билдиришкен.
TezJet компаниясы 2013-жылы негизделген, ал эми 2014-жылдан тартып жүргүнчүлөрдү ташый баштаган. Бишкектен Баткен, Жалал-Абад, Раззаков жана Ошко учат. Жайкысын Тамчы-Жалал-Абад, Тамчы-Ош каттамдарын аткарат.
Сүрөт: Интернет булактарынан




