Мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы текстинин беш долбоору тандалып алынды
- 12 месяцев мурун
25-июлда Кыргыз улуттук тарых музейинде мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 4-отуруму өттү.
Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар сасаты министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, сынакка 2025-жылдын 16-июнунан 17-июлуна чейин жазуу түрүндө жана электрондук почта аркылуу 79 жарандан 132 долбоор келип түшкөн. Долбоорлор сынактын акыйкат, таза өтүүсү үчүн авторлордун аты-жөнү көрсөтүлбөй, комиссиянын кароосуна купуя коюлду.
Комиссия жобого ылайык сынактын 1-этабынын критерийлеринин негизинде эң жогорку упай алган 5 тексттин долбоорун тандап алды.
Тандалып алынган 5 мыкты долбоорго музыкалык чыгарманы жаратуу боюнча кайрадан сынак жарыяланат.
Сынактын 2-этабына композиторлор, музыканттар, ырчылар, автордук жамааттар (музыкалык чыгармачыл жамааттар, студиялар, союздар, ошондой эле башка уюмдар — 5 адамдан ашпаган курамда) сынактын 1-этабында тандалып алынган тексттерге жазылган музыкалык чыгармалары менен катыша алышат.
Өтүнмөлөрдүн кагаз жүзүндөгү варианты тиркелген материалдар жана сынактык долбоорлор менен бирге 2025-жылдын 8-сентябрына чейин төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү зарыл:
720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78
Мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциядагы мыкты долбоорун тандоо боюнча комиссиянын экинчи отурумунда жаңы редакциядагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин долбооруна кайрадан сынак өткөрүү боюнча сунуш берүү чечимин кабыл алды.
2024-жылдын 25-октябрында Жогорку Кеңештин спикери Тургунбек уулу Нурланбек (ред. мурда Шакиев) мамлекеттик туунун аркасынан мамлекеттик гимнди өзгөртүү керек экендигин билдирген. Кийин президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек берип, Кыргызстандын гимнин өзгөртүү боюнча” парламенттин төрагасынын пикирин колдой турганын айткан.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




