Комиссия: Мамлекеттик гимнге коюлган талаптарга жооп берген чыгарма табылган жок. Кайра конкурс жарыяланат
- 1 месяц мурун
Мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциядагы мыкты долбоорун тандоо боюнча комиссиянын экинчи отурумунда жаңы редакциядагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин долбооруна кайрадан сынак өткөрүү боюнча сунуш берүү чечимин кабыл алды.
Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Комиссия сунушталган долбоорлордун ар түрдүүлүгүнө жана жарандардын активдүү катышуусуна карабастан, мамлекеттик символ катары гимнге коюлган мазмундук жана көркөм талаптарга толук жооп берген чыгарма табылган жок деген бүтүмгө келди.
Ушуга байланыштуу, сынакты кайрадан жарыялоо жана жобого бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун киргизүү чечими кабыл алынды.
Комиссиянын сунушу боюнча биринчи этапта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнине жаңы редакциядагы текст тандалып алынат. Экинчи этапта бекитилген текстке музыкалык чыгарманы жаратуу боюнча сынак жарыяланат.
Буга чейинки сынакка катышкан авторлор бул жолку сынакка дагы катыша алышат, бирок жаңы долбоор менен.
Буга чейин, 2025-жылдын 7-февралынан 20-мартына чейинки аралыкта маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине ар кандай булактар аркылуу 488 жарандан жалпысынан 703 сунуш келип түшкөн. Жобонун 3-главасынын 11, 12 жана 13-пункттарына ылайык, министрликтин алдында түзүлгөн техникалык топ тарабынан бардык документтердин жана материалдардын талаптарга шайкештиги текшерилип чыккан.
Натыйжада 165 жарандан 285 долбоор каттоодон өттү.
2024-жылдын 25-октябрында Жогорку Кеңештин спикери Тургунбек уулу Нурланбек (ред. мурда Шакиев) мамлекеттик туунун аркасынан мамлекеттик гимнди өзгөртүү керек экендигин билдирген. Кийин президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек берип, Кыргызстандын гимнин өзгөртүү боюнча” парламенттин төрагасынын пикирин колдой турганын айткан.
Сүрөт: Интернет булактарынан