“Кыргыз элинин мурастарынын энциклопедиясы” долбоору талкууланды

6-ноябрда Бишкек шаарында мамлекеттик катчысы Арслан Койчиевдин төрагалыгында “Кыргыз элинин мурастарынын энциклопедиясы” долбоорун  иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун алгачкы жыйыны болуп өттү.

Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, окумуштуулар, манас таануучулар, маданият жана искусство ишмерлери, ошондой эле улуттук мурастын ар кыл багыттары боюнча адистер катышты.

Концепциянын алкагында кыргыз элинин тарыхы жана мамлекеттүүлүгү, “Манас” эпосу жана манасчылык өнөрү, кыргыз тили жана адабияты, улуттук музыка, искусство, архитектура, кол өнөрчүлүк, салттуу турмуш-тиричилик, улуттук тамак-аш маданияты, элдик билимдер, улуттук спорт жана көрүнүктүү инсандар тууралуу маалыматтарды кеңири камтуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынын тарыхый-маданий мурастарын жана кыргыз элинин дүйнөлүк цивилизациядагы ордун объективдүү чагылдыруу маселеси белгиленди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты