Республикалык бюджеттин долбоору биринчи окууда кабыл алынды

8-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана 2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралды.

Ошондой эле депутаттар Социалдык фонддун бюджети жөнүндө мыйзам долбоорлорун дагы биринчи окууда карашты.

Мыйзам долбоорлорунун демилгечиси – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында андан сырткары 2025-жыл үчүн республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун бюджетинин жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчеттор угулду.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты