Мамлекеттик ЭлТР телеканалы “ПолитКлиника” медиасын дагы сотко берди

  • 1 год мурун

Мамлекеттик ЭлТР телеканалы “ПолитКлиника” медиасын экинчи ирет сотко берди. Бул жолу телеканал Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна арыз жазды.

Белгилей кетсек, 4-февралда “ПолитКлиника” медиасы ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деген тема менен материал жарыялаган. Анда “ПолитКлиника” ЭлТРдин 31-январда жарыкка чыккан “Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?” аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Бул материал жарыяланган соң ЭлТР “ПолитКлиниканы” жалган маалымат таратууга айыптап, телеканалдын жана анын кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетиргенин айтып чыккан. 

20-февралда ЭлТР аталган материал боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотуна арыз менен кайрылганы белгилүү болгон. ЭлТР арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген” деп билдирген. Бирок ЭлТР сотко мамлекеттик пошлина төлөбөгөндүктөн, арыз четке кагылган.

Компания “ПолитКлиникадан” аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда. Моралдык зыян катары ЭлТР соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

“ПолитКлиника” медиасы материал үчүн кечирим сурабай турганын, ЭлТРдин айыптоолоруна сотто жооп берип, өз чындыгын далилдөөгө даяр экенин билдирген.

Ал эми буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “ЭлТР” телеканалынын “ПолитКлиника” медиасынын сайтын бөгөттөө өтүнүчү менен жазган арызын четке каккан. Маалыматка ылайык, министрлик арыз жазууга себеп болгон материалда маалыматтар ишенимдүү ачык булактардан алынгандыктан ЭлТРдин арызын артка кайтарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты