#Детектор: Энергетика тармагына алынган карыздар. ЭлТРдин айыптоолоруна жооп

8-февралда ЭлТР телеканалы “ПолитКлиника” медиасын жалган маалымат таратууга айыптаган берүү жарыялады. Анда аталган канал “ПолитКлиника” медиасын “ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” аталышындагы материалда расмий маалыматтарга таянбастан, бурмалоо ыкмасы менен жалган маалымат таратып жатат” деп айыптаган.

Сөз болуп жаткан материалда “ПолитКлиника” медиасы ЭлТРдин 31-январда чыккан “Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?” аталышындагы сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

ЭлТРдин бул материалга карата айыптоолоруна “ПолитКлиника” медиасы фактылардын негизинде жооп кайтарууну чечти. 

466 млн доллар насыянын чоо-жайы

ЭлТР алты мүнөттүк атайын репортажында “ПолитКлиниканын” материалындагы “Кыргызстан 2020-жылдын октябрынан тартып 466 млн доллар кредит алган” деген маалымат жалган экени айтылат. Репортажда Каржы министрлигинин, кайсы бөлүм экени белгисиз, бөлүм башчысы Муратбек Масадыков дагы комментарий берип, каражаттар жөнүндө келишимдерге мурунку президенттер учурунда кол коюлганын билдирген.

Финансы министрлигинин Инстаграмдагы баракчасында 2022-жылдын 21-апрелинде мамлекеттик карыз тууралуу билдирүү жарыяланган. Анда 2020-жылдын октябрь айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен 758,3 млн доллар өлчөмүндө макулдашууларга кол коюлганы жазылган. Анын ичинен 291,5 млн доллары грант, 466,8 млн доллары насыя экени айтылат.

Министрлик бул каражаттар өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртууга багытталган ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, анын  ичинде энергетика тармагын реформалоо үчүн келип жатканын белгилеген.

#Детектор: Энергетика тармагына алынган карыздар. ЭлТРдин айыптоолоруна жооп

Мындан үч айга жакын убакыт өткөн соң, 20-июлда Каржы министрлигинин сайтына министр Алмаз Бакетаевдин “Экономист” басылмасына берген маеги чыккан. Анда министр акыркы бир жылда Кыргызстан сырттан 783 млн доллар, анын ичинде 460 млн долларга жакын насыя алганын тастыктап, анын 29%ы энерготармакка жумшаларын билдирген.

#Детектор: Энергетика тармагына алынган карыздар. ЭлТРдин айыптоолоруна жооп

Жыйынтыктап айтканда, Садыр Жапаров бийлик башына келгенден кийин Кыргызстан сырттан 460 млн доллардын тегерегинде насыя алганы чын. Финансы министри бул каражаттын бир бөлүгү энергетика тармагына жумшаларын айткан.

“Бала-Саруу” ГЭСи кайсы каражатка курулуп жатат?

Андан ары ЭлТР “ПолитКлиниканын” “Бала-Саруу” ГЭСин куруу үчүн Министрлер кабинети Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 22,9 млн доллар каражат алат” деген маалыматы жалган деп айып койгон. Атайын репортажда аталган ГЭСтин курулушу ички бюджеттен каржыланганын алып баруучу да, “Улуттук энергохолдингдин” өкүлү да айткан. 

2022-жылы декабрда өкмөт башчысы Акылбек Жапаров “Бала-Саруу” ГЭСинин курулушу менен таанышкан. Бул тууралуу кабарда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы долбоорду каржылоого 2021-жылы 27-августта 2 млрд сом бюджеттик кредит бөлүнгөнүн жазган. 

Бирок мындан бир жарым жыл мурун, 2021-жылы 29-августта президент Садыр Жапаров “Бала-Саруу” ГЭСинин курулушуна капсула салган кезде мамлекет башчысынын басма сөз кызматы ГЭСти курууга 22,9 млн доллар керектелерин, аны каржылоо боюнча Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүү жүрүп жатканын, маселе өнүккөн фазада экенин кабарлаган. 

#Детектор: Энергетика тармагына алынган карыздар. ЭлТРдин айыптоолоруна жооп

Бул окуядан жарым жыл өткөн соң, 2021-жылдын 27-декабрында өкмөттүн басма сөз кызматы “Бала-Саруу” ГЭСин куруу үчүн “Чакан ГЭС” ачык акционердик коому Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 22,9 млн доллар аларын, тийиштүү чечимди Министрлер кабинети кабыл алганын маалымдаган.

Мындан тышкары Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду ушул жылдын 1-февралында 2022-жылдан тартып аты кайра жаралуучу энергия булактарын өндүрүү боюнча үч долбоорду каржылап жатканын, “Бала Саруу” ГЭСи баштаган дагы 7 долбоорду каржылоо каралып атканын билдирген. 

Тактап айтканда, президенттин басма сөз кызматы “Бала-Саруу” ГЭСин курууга 22,9 млн доллар керектелерин, долбоорду каржылоо боюнча Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтып жатат. Кийин Министрлер кабинети аталган фонддон 22,9 млн доллар алуу тууралуу чечим чыкканын билдирүүдө. Фонд өзү дагы жакында эле “Бала-Саруу” ГЭСин кошкондо энергетика жаатындагы жети долбоорду каржылоону карап жатканын билдирди. Бул жерде “эгер өкмөт билдиргендей, ГЭСти курууга 2021-жылы августта эле 2 млрд сом (ошол кездеги курс менен болжолдуу 23,6 млн доллар) бюджеттик кредит бөлүнгөн болсо, анда Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду менен эмнеге сүйлөшүү жүргөн?” деген суроо жаралат. 

Илгери түзүлгөн келишимдердин ийгилиги кимге жазылат?

Үчүнчү айып: ЭлТР “ПолитКлиника” 2022-жылдын ноябрь айында Евразия туруктуулук жана өнүктүрүү фонду “Камбар-Ата 2” ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү үчүн 110 млн доллар кредит бергени кабарланган” деген маалыматында эки жолу калп айтты деген. Атайын репортажда алып баруучу келишим 2017-жылы түзүлгөнүн, акча бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан тарапка өтө элек экенин айткан.

“ПолитКлиника” медиасы өзүнүн талдоосунда айткандай эле, 2022-жылдын ноябрь айында Евразия туруктуулук жана өнүктүрүү фонду “Камбар-Ата 2” ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү үчүн 110 млн доллар кредит бергенин кабарлаганы чын. 

#Детектор: Энергетика тармагына алынган карыздар. ЭлТРдин айыптоолоруна жооп

Муну энергетика министри Таалайбек Ибраев дагы 2022-жылдын 5-декабрында Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында тастыктаган.

Ал эми бул боюнча кредиттик келишим 2017-жылы түзүлүп, 2019-жылы күчүнө кирген. 2022-жылдын 15-апрелинде аталган долбоор боюнча кошумча макулдашууга кол коюлуп, өткөн жылдын аягында парламент ратификациядан өткөргөн. 

ЭлТРдин журналисттери биз талдаган берүүдө буга чейинки президенттер энерготармак үчүн кредит алганы менен системада эч кандай өзгөрүү болбогонун айтып, Садыр Жапаров сырттан бир сом албай тармакты оор абалган чыгаруу аракетинде экенин баса белгилешкен. 

Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин CASA-1000, “Камбар-Ата” ГЭСтеринин каскадынын курулушу сыяктуу долбоорлор ишке ашырылып жатат. Бирок жогоруда көргөндөй эле аталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каражат тартуу келишимдери мурдагы президенттердин учурунда түзүлгөн. Анда ЭлТРдин сюжетинде көрсөтүлгөндөй, энерготармакты оор абалдан чыгаруу жаатындагы иштерди Садыр Жапаровго оодара салуу канчалык туура? 

Бул бир жагы. Экинчи жагынан учурда энерготармак үчүн кредит алуу тууралуу келишимдер түзүлүп, Жогорку Кеңеш тараптан ратификацияланып жатат. Мисалы, “Лебединовка” ГЭСин реконструкциялоого Евразия туруктуулук жана өнүктүрүү банкынан 8,8 миллион евро кредит алынганы турат. Ошондой эле электроэнергетикалык тармакты өнүктүрүү үчүн Дүйнөлүк банктан 25 млн доллар кредит, 25 млн доллар грант алуу тууралуу келишим Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүүдө.

ЭлТРдин журналисттери эмне үчүн өлкө Садыр Жапаров учурунда энерготармак үчүн кредит албаганын далилдегиси келип жатат? Кредит алуу жаманбы? Же ал кредиттер боюнча келишимдер өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп бербегендей түзүлгөнбү? Андай болсо ратификациядан өткөрбөй, баш тартып койсо болбойбу?

Редакцияга карата айтылган айыптоолор боюнча  

Мындан сырткары, ЭлТР атайын репортажында “ПолитКлиника” медиасынын жетекчилигин ачык сүйлөшүүгө келбей койду деп айыптаган. Ошондой эле биздин медианын жана редактордун ишмердүүлүгүн дискредитациялоо аракети болгон. 

Ооба, бизди президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайыр Орунбеков сүйлөшүүгө чакырган. Биз ал жакка барууну туура көргөн жокпуз жана алардын позициясын берүү үчүн аянтчаларыбызды берүүнү сунуштадык. Бирок алар келген жок. 

ЭлТР «ПолитКлиниканы» журналисттик этиканы бузуп, бейтараптуулукту сактаган эмес деп дагы айыптады.

Биздин сөз болуп жаткан берүүбүз фактчекинг жанрындагы обзор. Бул жанрдын өзгөчөлүгү — ачык булактарга таянып, маалыматтар берилет. 

Атайын репортажда ЭлТР “басылма кечирим сурабаса, сотко кайрылабыз” деп билдирген.

“ПолитКлиника” медиасынын материалындагы маалыматтардын баарына далилдер бар экенин, биздин медиа бул үчүн кечирим сурабай турганын жана өз чындыгын сотто далилдегенге даяр экенин билдиребиз!

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты