Майлуу-Сууда дагы бир от казан иштей баштады

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында №4 от казан иштей баштады. №4 от казанга атайын электр линиясы тартылып, насос орнотулуп, Майлуу-Суу дарыясынан от казанга сууну сордуруу жолу менен иштетүү боюнча жумуштар жүрүүдө. Аталган от казан шаардын 198 абонентин жылуулук менен камсыздайт.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы маалымдады.

Жергиликтүү тургундарды таза суу жана жылуулук менен камсыз кылуу боюнча тынымсыз иш жүрүүдө.

Калкты тиричиликке керектүү суу менен камсыздоо максатында ӨКМдин 4 өрт өчүрүүчү унаа жана жергиликтүү бийликтин 2 суу ташуучу унаасы менен ичүүчү таза суу ташылып берүүдө.Ошондой эле атайы буу берүүчү унаа менен №4 от казандын кээ бир тоңуп калган системаларын жана Кутманова көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйлөргө жылуулук берилүүчү сыртта жайгашкан тоңуп калган суу түтктөрүн эритүү иштери аткарылды.

Майлуу-Суу шаарында 12-январда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. ӨКМдин маалыматы боюнча, 12-январда катуу сууктан улам шаардагы суу түтүктөрү тоңуп калган. Мындан улам отканаларга суу толук келбей, жылуулук жана таза суу берүү системалары үзгүлтүккө учураган.

14-январда шаарда сайдан суу толтуруу жайында суу толтурулуп, водозабордон Майлуу-Суу заводуна, андан №1 отказанга суу берилген. Натыйжада системалар жылытылып, №1 отказан ишке кирип, кезек-кезеги менен жашоочуларга жылуулук бериле баштаганы кабарланган.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты