Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

  • 1 год мурун

Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМдин маалыматы боюнча, 12-январда катуу сууктан улам шаардагы суу түтүктөрү тоңуп калган. Мындан улам отканаларга суу толук келбей, жылуулук жана таза суу берүү системалары үзгүлтүккө учураган.

Суунун көлөмүн калыбына келтирүү үчүн коммуналдык кызмат менен бирдикте шаардын Саматова көчөсүндө жайгашкан отканага өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн “КамАЗ” жана “Зил-131” өрт өчүрүүчү автоунаалары дарыядан суу сордуруп, отказанга толтуруу жумуштарын аткарышкан.

Ага карабай шаарга жылуулук берүү токтоп, бүгүн 13-январда шаардын Жарандык коргонуу кызматынын жыйыны өткөрүлүп, шаар аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты