ӨКМ: Майлуу-Сууда үйлөргө кезек-кезеги менен жылуулук берилип, эл таза суу менен камсыздалууда

  • 1 год мурун

Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарында үйлөргө кезек-кезеги менен жылуулук берилип, эл таза суу менен камсыздалууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда жеринде кырдаалды жөнгө салуу максатында ӨКМ башчысынын орун басарлары Урматбек Шамырканов жана Эделбек Кулматов башында турган кызматкерлер иш алып барууда.

“14-январь саат 12:00гө карата Майлуу-Суу шаарында сайдан водозаборго суу толтурулуп, водозабордон Майлуу-Суу заводуна, андан №1 отказанга суу берилген. Натыйжада системалар жылытылып, №1 отказан ишке кирип, кезек-кезеги менен жашоочуларга жылуулук берилип баштады”, — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда ӨКМден 4 тонна күйүчүү май, 2 оор техника, 30 кызматкер тартылып, «КамАЗ» АЦ-6-40 «Зил» 130 өрт өчүрүүчү унаасы менен калкка таза суу ташып берилүүдө.

Мындан сырткары, жарандарга таза суу берүү максатында шаардык суу чарба ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, заводдон 1 суу ташуучу унаа иш жүргүзүүдө. Ошондой эле Ноокен районунан 2 суу ташуучу унаа, Жалал-Абад шаарынан 1 суу ташуучу унаа тартылган.

Эске салсак, 12-январда болгон катуу сууктун кесепетинен Майлуу-Суу шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуучу суу каналынын түтүктөрү тоңуп, мындан улам элге жылуулук берүү жана таза суу үзгүлтүккө учураган. Майлуу-Сууда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты