Майлуу-Сууда бала бакчалар жабылып, мектептер онлайн окууга өттү

  • 1 год мурун

Майлуу-Сууда суу түтүктөрү тоңуп калып, суу атайын техника менен ташылып, шаар тургундарына берилүүдө.

Жылуулук жана таза суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураганына байланыштуу Майлуу-Суу шаарындагы мектептер онлайн окууга өтүп, бала бакчалар убактылуу жабылды.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы 16-январда билдирди.

Мындай чечим шаардагы жылуулук жана таза суу менен камсыз кылуу иштери аяктаганга чейин күчүндө болот.

Майлуу-Сууда 12-январда катуу сууктун айынан суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган.

Шаардын бийлиги 14-январдан тарта отказандардын бири ишке киргизилип, жылуулук маал-маалы менен бериле баштаганын кабарлады. Таза суу азырынча автоунаалар менен ташылып, таратылып жатат.

Майлуу-Суу шаарында жети мектеп бар, 4512 окуйт. Ал эми жети бала бакчада 878 бала тарбияланат.

Сүрөт: МЧС басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты