Суу түтүктөрүн оңдоого байланыштуу Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу болбойт
- 2 года мурун
Бишкекте 28-январда саат 10:00дөн — 20:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, балдардын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Төмөнкү райондордо суу өчүрүлөт:
— Скрябин – Тыныстанов – Радищев – Панфилов — Медеров көчөсү менен Горький көчөсүнө чейин- Л.Толстой-Панфилов көчөлөрү менен чектешкен аймакта.
Ичүүчү сууну өчүрүү шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
«Бишкексууканал» ишканасы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




