Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды  

  • 1 год мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 25-мартта, саат 20:00дө Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймакта, MSK-64 шкаласына ылайык, очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Силкинүү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылында 4 балл, Кочкор-Ата шаарында, Момбеков, Курулуш, Сакалды айылдарында 3,5 балл, Шамалды-Сай шаарында, Масы, Кара-Булак, Кызыл-Туу айылдарында, Майлуу-Суу шаарында жана Базар-Коргон районунун Базар-Коргон, Совет айылдарында 3 баллга (Бүргөндү айылынан 4 чакырым түштүк-батышка, Момбеков айылынан 12 чакырым түштүк-батышка, Кочкор-Ата шаарынан 18 чакырым түштүк-батышка, Шамалды-Сай шаарынан 20 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

12-мартта саат 09:11де Ош шаарында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Иллстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты