Майлуу-Сууда милициянын мурдагы кызматкеринен курал-жарак, ок-дары табылганы айтылды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Майлуу-Суу шаарында жана Бүргөндү-Достук айыл өкмөттөрүндө ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо фактылары аныкталганын билдирди.

Маалыматта атылгандай, ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, милициянын запастагы полковниги П.Т.А.нын үйүндө тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, анда курал-жарак жана ок-дарылар табылган: СКС Карабин 7,62 мм калибрде, ТОЗ-8 калибрдеги 5,6 мм, 12 мм, 16 мм жана 20 мм калибрдеги жылмакай үч курал; 5,45 мм калибрдеги октор 413 даана, 7,62 мм калибрдеги октор 301 даана, 5,6 мм калибрдеги 49 ок, 9 мм калибрдеги 258 даана ок, 12 мм калибрдеги 6, 20 мм 5 ок табылган.

Жалпысынан беш ок атуучу курал (мыйзамдуу түрдө алынган СКС карабининен тышкары) жана 1032 даана ок-дары табылган жана алынган. Маалыматка караганда, курал-жарак жана ок-дарылар ал ички иштер органдарында кызмат өтөп жаткан учурда алынган.

П.T.A. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды. Тергөө иш-чаралары улантылууда.

Майлуу-Сууда милициянын мурдагы кызматкеринен курал-жарак, ок-дары табылганы айтылды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты