Майлуу-Суу лампа заводунун ишин жандандырууга 1 млрд 159 млн 863 миң сом бөлүнгөн

  • 3 месяца мурун

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев 10-июнда Майлуу-Суу лампа заводунун ишмердүүлүгү менен таанышып, көчмө жыйын өткөрдү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.

Анын айтымында, жыл башында Майлуу-Суу заводун финансылык колдоо көрсөтүү максатында 116 млн 900 миң сом бөлүнгөн. Ал сумма эмгек акы жана жумуштан бошогондордун жөлөкпулдары боюнча карыздарды жабууга багытталган. 

Ошондой эле Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин тиешелүү тескемеси менен бул өндүрүш ишканасынын ишмердүүлүгүн кайра жандандыруу максатында 1 млрд 159 млн 863 миң сом бөлүнгөнүн кошумчалады. 

Мындан тышкары, президенттин жарлыгына ылайык,“Майлуу-Суу лампа заводу” ачык акционердик коомунун эсебине 931, 6 млн сом каралып, анын 600 млн сому бөлүндү.

Ишкананын өндүрүштүк инфраструктурасын жаңылоо, инженердик тармактарды реконструкциялоо жана аларды заманбап талаптарга ылайык келтирүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлүп жатат. Ошону менен катар заводдун кеңири аймагында индустриалдык парк түзүү жана өнүктүрүү боюнча комплекстүү иштер аткарылууда. 

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты