АКШда өзгөчө абал жарыяланды. Бул Кубадан келе турган коркунучтарга байланыштуу
- 4 месяца мурун
Америка Кошмо Штаттарында Кубадан келе турган коркунучтардан улам өзгөчө абал жарыялоо жарлыгына президент Дональд Трамп кол койду.
“Кубага байланыштуу абал адаттан тышкары жана улуттук коопсуздукка өзгөчө коркунучту жаратууда. Ушул коркунучка байланыштуу өлкөдө өзгөчө абал жарыялайм” деп билдирди президент Трамп бейшемби күндөгү жарлыкта.
Трамптын айтымында, Куба Россия, Кытай жана Иран менен жана трансулуттук террористтик топтор жана субъекттер менен кызматташууда.
Ошондой эле өзгөчө абалдан улам, Куба менен кызматташкан, нефть жеткирген өлкөлөргө пошлина киргизиле турганы каралууда.
Сүрөттө: Дональд Трамп. Reuters
Муну бөлүшүү




