Төрага Маматалиев Майлуу-Суу жана Кочкор-Ата шаарларынын абалы менен таанышты
- 2 недели мурун
- Баяндар, Жаңылыктар
27-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу жана Кочкор-Ата шаарларына иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымат жарыяланды.
Иш сапардын жүрүшүндө Марлен Маматалиевди депутаттар Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков, Айгүл Карабекова, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев баштаган бир катар министрликтердин жана мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коштоп жүрдү.
Алгач Төрага Майлуу-Суу шаардык стадионунун учурдагы абалы менен таанышып, тиешелүү жетекчилерден спорттук жайдын инфраструктурасы жана аны жаңылоо боюнча пландар тууралуу маалымат алды.
Майлуу-Суу шаардык стадиону 1953-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Бүгүнкү күндө ал шаардагы негизги спорттук жана коомдук объектилердин бири болуп саналат.
Марлен Маматалиев стадионду жаңылоо жаштарды спортко кеңири тартууга жана шаар тургундары үчүн тиешелүү шарттарды түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи.
«Стадиондун келечеги кийинки жылы чечилет. Азыр губернатор менен сүйлөшүп, эки айдын ичинде стадиондун долбоорун бүтүрсөк, 2027-жылга бюджетке киргизип, жаштар жана эл үчүн заманбап стадион курабыз» деди Марлен Маматалиев.
Андан соң төрага Коргоо министрлигине караштуу Майлуу-Суу шаарындагы №12544 аскер бөлүгүнүн имаратынын абалы менен таанышты.
Коргоо министринин маалыматына караганда, 1962-жылы курулган аскердик жай эскилиги жеткендиктен, батальон толук кандуу иш алып барбайт. Батальондун өздүк курамы өлкөнүн түштүк аймактарына бөлүштүрүлгөн.
Ушуга байланыштуу аталган жерде аскер лицейин уюштуруу сунушталган. Бирок бул маселе азырынча ачык бойдон калууда.
Мындан тышкары, иш сапардын алкагында Кыпчак-Талаа – Майлуу-Суу автомобиль жолунда жүрүп жаткан реконструкциялоо жана оңдоо иштери менен таанышты.
Аталган жол Майлуу-Суу шаарын Маданият айылы жана Кыпчак-Талаа багытындагы калктуу конуштар менен байланыштырган маанилүү транспорттук каттамдардын бири.
Учурда жолдун жаңы тилкелеринде асфальт төшөө, айрым бөлүктөрүн бекемдөө, көпүрөлөрдү куруу жана реконструкциялоо, ошондой эле мурда бүткөрүлгөн тилкелердин сапатын жакшыртуу иштери жүргүзүлүүдө. Долбоордун алкагындагы иштерди этап-этабы менен аткарып, Кыпчак-Талаа – Майлуу-Суу автомобиль жолун 2027-жылы толугу менен бүткөрүү пландалууда.

Сүрөттөр: kenesh.kg




