Майлуу-Суу: Жашоочуларды таза суу менен камсыздоо тапшырмасы коюлду

  • 1 год мурун

15-январь күнү саат 08:00дө жыйын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин штабынын жыйыны өткөрүлүп, анда шаардын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу тапшырмасы коюлду.

Майлуу-Суу шаарында 15-январда саат 06:00дөн тартып №1 от казан ишке киргизилди. Кезек-кезеги менен 1234 абонентке ысык суу бериле баштады.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми15-январга караган түнү саат 00:40ка карата Майлуу-Суу дарыясынын нугун буруу жана Майлуу-Суу лампа заводунун көлмөсүнө кошуу иштери аткарылып, 150 метр аралыкта канал казылып, суунун нугу темир бетондорду таштоо менен бурулду. Учурда дарыя суусу өз агымы менен Майлуу-Суу лампа заводунун көлмөсүнө куюлууда.

2 көчмө буу жабдуусу башкы таза суу кампанын тоңуп калган желерин тазалоо, башкы суу кампадан шаарды көздөй тартылган куурдун тоңуп калган жерлерин эритүүдө.

Майлуу-Суу шаарында саат 06:00дөн тартып №1 от казан ишке киргизилди. Этабы менен 1234 абонентке ысык суу берилет.

Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында эки күн мурда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. ӨКМдин маалыматы боюнча, 12-январда катуу сууктан улам шаардагы суу түтүктөрү тоңуп калган. Мындан улам отканаларга суу толук келбей, жылуулук жана таза суу берүү системалары үзгүлтүккө учураган.

14-январда саат 12:00гө карата Майлуу-Суу шаарында сайдан суу толтуруу жайында суу толтурулуп, водозабордон Майлуу-Суу заводуна, андан №1 отказанга суу берилген. Натыйжада системалар жылытылып, №1 отказан ишке кирип, кезек-кезеги менен жашоочуларга жылуулук бериле баштаганы кабарланган.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты