Махабат Тажыбек кызынын абакта сабалганы боюнча прокуратура иш козгоодон баш тартты

  • 2 месяца мурун

«Temirov Live» жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызы сабалды деген арыз боюнча прокуратура кылмыш иши козгоодон баш тартты.

Бул тууралуу  Тажыбек кызынын адвокаты Улан Сейитбеков билдиргенин «Азаттык» жазды.

Сейитбеков башкы прокуратурага 11-апрелдеги кайрылуусунда Жаза аткаруу кызматында иштеген А.К. аттуу адисти Тажыбек кызына кол көтөргөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектиги айтылат.

6-апрелде социалдык тармактарда Temirov Live жана «Айт айт десе» долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажыбек кызынын тергөө изоляторунда ур-токмокко кабылганы айтылган. Ошондой эле ал арызында, аны менен бир камерада отургандар да тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан сабалганын билдирген. Булар Акыйкатчы басма сөз кызматынын билдирүүсүндө айтылат.

Жаза аткаруу кызматы “Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору, төрт айдан бери тергөө абагында отурган Махабат Тажыбек кызы Бишкектеги №1 тергөө абагында ур-токмокко алынды деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын белгилеген. Маалыматка караганда, 5-апрелде Махабат Тажыбек кызы отурган камерадагы бир аялды башка камерага которуу учурунда тергөө абагында отургандар кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тартып, каршы чыгышкан.

«Тажыбек кызы, башка соттолуучулар менен бирге абактагы аялдарды дагы нааразычылыкка жана баш ийбөөгө чакыра баштаган. Аталган факты белгиленген тартипте каттоого алынган. Медициналык кароодон өткөндө Махабат Тажыбек кызынын колунда жана билегинде кызарган тактар аныкталган. Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында камералаштары өзүнүн өтүнүчү боюнча сабап, атайылап ырайымсыз мамиле жасашканы аныкталган» деп жазылган Жаза аткаруу кызматынын маалыматында.

Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров Бишкектеги №1 тергөө абагында сабалды деген Temirov Live жана «Айт айт десе» долбоорлорунун жетекчиси, жубайы Махабат Тажыбек кызынын сүрөттөрүн Фейсбук баракчасына жарыялады.    

1-апрелде Бишкек шаардык соту Махабат Тажыбек кызын эки айга камоо боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

16-январда «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча Медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынын, бардыгы 11 кызматкердин үйүндө тинтүү болуп, өздөрү ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып келинген.

ИИМ медиа кызматкерлери кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар)  үчүнчү бөлүгү боюнча  (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Алардын бир тобу үй камагына чыгарылган.

Сүрөт: Болот Темировдун Фейсбук баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты