Акыйкатчы институту тергөө абагындагы Махабат Тажибек кызынын денесиндеги көк ала тактар аныкталганын билдирди

  • 3 недели мурун

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери кечээ, 6-апрелде №1 тергөө абагына барып, кармалып тургандардын кармоо шарттары менен таанышуу максатында мониторинг жүргүзүп келишти. Анда тергөө абагында жаткан «Темиров лайв» жана «Айт Айт Десе» долбоорлорунун директору, иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбей кызынын эки колунда, бет-жаагы жагында (сол жак жаагы), сол жак колтук жагында көк-ала тактар бар экени аныкталган.

Акыйкатчы кызматкерлеринин №1 тергөө абагын кароо учурунда мекеменин жетекчилиги менен, ошондой  М. Тажибек кызы, Н. Кудайбергенова жана К. Аранова менен сүйлөштү.

Бул тууралуу Акыйкатчы басма сөз кызматы билдирди.

4-апрелде кечки текшерүү учурунда кызматкерлердин бири кармалып турган Кудайбергеновага буюмдары менен сыртка чыгууну буйруганда, ал баш тарткан. Анткени ал кызматкерди алар мурда көргөн эмес.

5-апрелде мекеменин кызматкерлери Кудайбергенованы башка камерага которуу максатында,  буюмдары менен аны сыртка чыгуусун кайрадан талап кылган. Ага байланыштуу конфликт болгон. Күч колдонуп, Н. Кудайбергенованы күчтөп сыртка чыгарышкан.

Мекеменин кызматкерлеринин версиясы боюнча кармалып турган аял каршылык көрсөткөн.

М. Тажибек кызын кароо учурунда эки колунда, бет-жаагы жагында (сол жак жаагы), сол жак колтук жагында көк-ала тактар бар экени аныкталган.

Бул көк-ала тактарды фото/видеого тартууга мекеменин кызматкерлери макул болгон эмес, бул тууралуу акт түзүлгөн.
Мекемеге барган учурда, атайын прокуратуранын жана кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун өкүлдөрү да болгон.

Атайын прокуратуранын маалыматы боюнча, бул факт маалыматтарды каттоо журналына катталып, текшерүү иштери башталды.

М. Тажибек кызы жана К. Аранова укуктарын коргоп берүүсүн суранып, Акыйкатчынын атына арыз жазган.

Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды тергөө абагында отургандардын укуктарын камсыздоого зарыл болгон чараларды кабыл алууга, жана аларга карата күч колдонуунун негиздүүлүгү боюнча тыкыр иликтөөгө чакырат. 6-апрелде социалдык тармактарда Temirov Live жана «Айт айт десе» долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын тергөө изоляторунда ур-токмокко кабылганы айтылган. Ошондой эле ал арызында, аны менен бир камерада отургандар да тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан сабалганын билдирген. Булар Акыйкатчы басма сөз кызматынын билдирүүчүндө айтылат.

Жаза аткаруу кызматы Болот Темировдун маалыматын төгүндөдү. «Азаттыкка» Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Ызаат Тургунбаева тергөө абагынын кызматкерлеринин абакта отургандарга кол көтөрүүгө укугу жоктугун билдирди.

1-апрелде Бишкек шаардык соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызын эки айга камоо боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

16-январда «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча Медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынын 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү болуп, өздөрү ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып келген.

ИИМ медиа кызматкерлери кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар)  үчүнчү бөлүгү боюнча  (Бийлик өкүддөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камалганын кабарлаган.

17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча Медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынын 11 кызматкерин эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Алар – «Темиров LIVE» редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, «Нур пресс» медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, «Темиров LIVE» редакциясынын, «Айт, айт десе» долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, «Темиров LIVE» редакциясынын мурдагы журналисти, учурда «Арча Медиада» (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр «Алга Медианы» иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында «Темиров LIVE» каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып «ПолитКлиникада» иштеп жаткан Тыныстан Асыпбеков.

5-февралда Бишкек шаардык соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызынын кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.

Сүрөт: Махабат Тажыбай кызынын сот залындагы сүрөтү. «ПолитКлиника».


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты