Мадумаровдун кармалышы: Парламентте комиссия түзүү маселеси талаш жаратты  

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 21-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында күн тартибине “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча комиссия түзүү маселеси вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев менен депутаттардын ортосунда талаш-тартышты жаратты    

-Кечээ, биздин фракциянын кайрылуусунун негизинде күн тартибинде  «Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Кимсанбаевичтин кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча комиссия түзүү боюнча кайрылганбыз. Ошол күн тартибине киргизилип, регламенттин 35-беренесинин негизинде ар бир фракция өзүнүн өкүлдөрүн көрсөтүп, бирок түшүнүксүз ахвалдын негизинде протокол бекитилбей калган. Ошон үчүн сунуштайт элем, урматтуу төрага, бүгүнкү күн тартибине ушуну биринчи кылып киргизип берсеңиз, -деди депутат Эрбаев.

Эмне үчүн дегенде буга Регламенттин 80-беренеси жол берет, ошол эле токтомдорду бекитүүдө. Азыр эле күн тартибин бекиттик, ушундай эле кайрылуу менен “Альянс” фракциясы дагы депутат Алимжановдун Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча комиссия түзүүнү сунуштап жатат. Ал боюнча комиссия түзүлүп калып, Мадумаров боюнча комиссия түзүлбөй кала турган болсо, коомдо кандайдыр терс ойлорду жаратып коюшу ыктымал, -деди депутат Эрбаев. -Күн тартибине кайрылып келсеңиздер.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев кечээки чечим жокко чыкканын, бул маселени кийинки сессияда киргизилсе болорун билдирди.  

Депутат Гуля Кожокулова да кайсы беренеге ылайык, Мадумаровдун маселеси боюнча комиссия түзүү кийинкиге калтырылып жаткандыгына кызыкты.

-Регламентте андай деп жазылган эмес. Тыныгуу болду, бүгүн сессия улантылып жатат. Сессияда кайра ушул маселени күн тартибине койсо болот. Анын үстүнө мында бир казус жаралып калды, баары комиссия түзүүгө добуш берди, негизи комиссия түзүлдү, ал эми курамы жагынан келгенде, добуш жетпей калды. Ошондуктан кайрадан добушка коюуну суранып жатабыз. Айрым маселе боюнча кайра добушка койсо болот, ал эми оппозицияга келгенде, добушка коюлбай калат. Бул туура эмес. Анда мыйзамдын нормасына шилтеме келтиргиле. Сиз, азыр төраганын милдетин аткарып жатып, кечээ да, бул маселени көңүлгө албай койдуңуз. Келгиле, ар кимибиз жарандык позициябызды билдирели. Дагы бир жолу добушка коелу. Биз парламенттин кандай чечими болсо да кабыл алабыз,- деди депутат Гуля Кожокулова.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев: -Кечээ болуп жаткан жыйналышта киргизсеңиздер биз киргизип бермекпиз. 80-беренеде жазылып турат. Жыйналыштын күн тартибинин маселелерине кайрылып келүү деп, четке кагылган мыйзам долбоорун кошпогондо. Жогорку Кеңештин жыйналышы ичинде каралып жаткан маселеге бир ирет кайрылып келүүгө жол берилет, -деп жатат.  Кечээ болсо, жол бермек, бүгүн жол бербейт. Кийинки жумада киргизебиз аны, -деди Нурбек Сыдыгалиев.

20-сентябрда “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова фракция лидери Адахан Мадумаровдун кармалышы жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча убактылуу комиссия түзүү боюнча сунуш келтирди. Сунуш өтүп, убактылуу депутаттык комиссиянн курамы толукталгандан кийин, добуш берүүдө жеткиликтүү добуш ала албай калды.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен.

Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-сентябрда кабыл алды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча айып коюлуп жатканын айтып, билдирүү таратты.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты