Адахан Мадумаровдун кармалышы жана жоопкерчиликке тартуу боюнча депутаттык комиссия түзүлбөй калды   

  • 8 месяцев мурун

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова фракция лидери Адахан Мадумаровдун кармалышы жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча убактылуу комиссия түзүү боюнча сунуш келтирди. Сунуш өтүп, убактылуу депутаттык комиссиянн курамы толукталгандан кийин, добуш берүүдө жеткиликтүү добуш ала албай калды.

“Мекенчил”  тобу, “Ата-журт-Кыргызстан” фракциясы комиссияга депутат киргизүүдөн баш тартты, калган фракциялардан депутаттар кирди. Депутаттык комиссиянын алты гана мүчөсу болуп, акырында Дастан Бекешев өзүн комиссияга кирүүгө сунуштады. Бирок комиссия түзүү сунушу добуш берүүдө колдоо тапкан жок.

6-сентябрда “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын атынан депутат Гуля Кожокулова партиянын лидери Адахан Мадумаровдун камалышы боюнча билдирүү менен чыкты.

Гуля Кожокулова партия лидери, депутат Адахан Мадумаровдун мыйзамсыз камалганын жана Жогорку Кеңеште башкы прокурор башка айыпты айтып, иш жүзүндө чыккынчылык менен алмаштырылганын жана кармоо учурундагы мыйзамсыздыкты айтып чыкты.

-Силерге белгилүү болгондой, 2-сентябрда “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты, биздин  кесиптешибиз Адахан Мадумаров  ички иштер министрлигинин атайын аскерлери тарабынан одоно түрдө жана жаш баласы менен  кармалды. Ошол эле күнү ал УКМКнын камак жайына 24-октябрга чейин камалды. Ага кылмыш-жаза кодексинин 223-беренеси, мамлекеттик чыккынчылык айыбы боюнча айып тагылды.

Биздин фракциянын лидеринин кандай болуп кармалганы бизде Конституция, мыйзамдар канчалык сакталганын айтып турат.

Кожокулова жада калса, атайын отряддын жоокерлери уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрүн да баласы менен кармаган эместигин билдирди. Мадумаров эки ай бою эч жакка чыккан эместигин айтты.

“Маски-шоу! Эл ичинде муну укуктук мыйзамсыздык деп атоодо”  -деди депутат Гуля Кожокулова парламентте Адахан Мадумаровдун камалышы тууралуу.  

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен.

Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-сентябрда кабыл алды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча айып коюлуп жатканын айтып, билдирүү таратты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты