Мадумаровду жоопко тартуу маселеси боюнча комиссия алгачкы отурумга чогулду

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия 5-июнда алгачкы отурумга чогулду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат Гуля Кожокулова билдирди. Анын айтымында, башкы прокурордун сунуштамасы комиссия мүчөлөрүнүн колуна бүгүн гана тийди.

Комиссияга жетекчи болуп депутат Динара Ашимова шайланды.

31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокурордун сунушун кароо үчүн  депутаттык комиссия түзүү маселеси каралып, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына депутаттар Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Фарходбек Алимжанов, Мирлан Самыйкожо, Динара Ашимова кирди.

Жогорку Кеңештин кароосуна депутат Адахан  Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча парламенттин макулдугун алуу үчүн башкы прокурор Курманкул Зулушевден сунуш түшкөн. Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун сунушун күн тартибине кезексиз киргизген.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты