Бишкек шаардык сотунда Канышай Мамыркулованын аппеляциялык доо арызы боюнча сот отуруму өттү
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 18-декабрда, Бишкек шаардык сотунда эркин журналист Канышай Мамыркулованын аппеляциялык доо арызы боюнча сот отуруму өттү.
Отурумда активист Атай Бейшенбек күбө катары суралды.
Канышай Мамыркулованын адвокаттары сотко кошумча күбөлөрдү чакырууну, лингвистикалык эксперттин сотко келбей калгандыгына байланыштуу сот отурумун жылдырууну өтүндү. Сот алардын өтүнүчүн канааттандырды.
Кийинки сот отурум 2026-жылдын 19-январына саат 11ге жылдырылды.
3-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Канышай Мамыркулованы 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Жазанын 4 жылын пробациялык көзөмөл режиминде өтөмөй болду. Журналист сот залынан бошотулган.
Адвокаттардын айтымында, Канышай Мамыркулова 4 жыл пробациялык көзөмөлдө болсо, жазасын толук өтөгөн катары эсептелет.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан 20-мартта Канышай Мамыркулова Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн массалык баш аламандыкка чакырык жасоо жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалган.
Сүрөт: Социалдык тармактан




