Депутат Мадумаровду жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү сунушу боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

  • 1 год мурун

Бүгүн, 31-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокурордун сунушун кароо үчүн  депутаттык комиссия түзүү маселеси каралды.

Комиссиянын курамына депутаттар Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Фарходбек Алимжанов, Мирлан Самыйкожо, Динара Ашимова кирди.

Жогорку Кеңештин кароосуна депутат Адахан  Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча парламенттин макулдугун алуу үчүн башкы прокурор Курманкул Зулушевден сунуш түшкөн. Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун сунушун күн тартибине кезексиз киргизди.

Адахан Мадумаров казино уюштурууга каршы, ал жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы Министрлер кабинетинин пенсия жана жөлөкпул жашоо минимумунан аз болуп жатканына каршы пикирин билдирип, Министрлер кабинетинин отставкасын талап кылган.

Депутат Адахан Мадумаровдун “ПолитКлиниканын” Тет-а-Тет берүүсүнө берген маеги бул шилтемеде.  

Сүрөт: kenesh.kg 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты