Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу биринчи авиакаттамы ишке ашырылды
- 2 месяца мурун
29-мартта China Southern Airlines авиа компаниясы Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу биринчи авиакаттамын ишке ашырды.
Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коому билдирди.
Аталган багыт боюнча каттам жумасына эки жолу- шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. “Манас” аэропортуна биринчи каттам менен 134 үргүнчү келсе, 104 жүргүнчү учуп кетти.
Аталган China Southern Airlines авиа компания Бишкектен Бээжинге жумасына алты жолку каттам уюштурган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




