Мадумаров Курманкул Зулушев тууралуу: “Эки жарым жылдай убакытта бардык иштин аталасын чыгарып бүттү”

Бүгүн, 3-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда, соттук отурумдан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип, Адахан Мадумаров башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отставкасы боюнча мындай деди:     

“Эртеби-кечпи баары кызматтан кетет, кетпей турган киши жок. Эки жарым жылга жакын убакыттын ичинде бардык иштердин аталасын чыгарып бүттү. Бир кишиге бир эмес, жети кылмыш иши козголгон  Бирөө да аныкталган жок. Сотко өткөн иштердин көбүндө шектүүлөрдүн иши тастыкталбай келип жатат. Саясий буйруктар болсо өтө эле көп болуп кеткен” деди Адахан Мадумаров.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызы боюнча сот отуруму жабык өттү.

Бүгүн, 3-июнда, башкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кете турганы тууралуу маалымат тараган. Курманкул Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты