Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызы боюнча сот отуруму  7-июнда улантылат (Видео)  

Бүгүн, 3-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызы боюнча сот отуруму жабык өттү.

19 томдон турган иш менен таанышуу үчүн адвокатка үч күн убакыт берилип, соттук отурум 7-июнга жылдырылды.  

Соттон чыккандан кийин Адахан Мадумаров журналисттерге маек берип, Кыргызстандын соттору өзгөчө көз каранды экендигин белгиледи.  

-Сотту жабык кароого буларда негиз бар. Буларда чындык, жалган сыртка чыгып кетет деген коркунуч бар. Соттун төрагасы болуп отурган Момуналиевге бир эмес, эки жолу ишеним көрсөтпөө чечимин чыгардык, ошого карабастан, телмирип отурат. Буйрукту аткаруу үчүн булар бардык нерсеге даяр. Экинчиден, прокуратуранын курамы өзгөрүптүр. Менимче, башкы прокурордун кеткендигине байланыштуу, булар деле өзгөрүшү мүмкүн,-деди Адахан Мадумаров.

28-майда Бишкек шаардык сотунда саясатчы Адахан Мадумаровдун Биринчи май райондук соттун чечимине каршы апелляциялык арызы боюнча сот отуруму өттү.

Отурумга ишке байланыштуу адамдардын бири жана анын жактоочусу келбей калганына байланыштуу арызды кароо 3-июнга жылдырылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты